17:33 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында

Жээнбеков: соттук реформаларга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болууда

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
85 0 0

Кыргызстанда 2010-жылы башталган соттук-укуктук реформа уланууда.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Кыргызстанда соттук реформаларды ишке ашырууга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болуп жатат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында билдирди.

  • Кыргызстанда соттук реформаларды ишке ашырууга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болуп жатат
    Кыргызстанда соттук реформаларды ишке ашырууга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болуп жатат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында билдирди
    Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Өлкө башчынын айтымында, ушул жылдын май айында КРдин Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу эксперттик топ түзүлгөн.
    Өлкө башчынын айтымында, ушул жылдын май айында "КРдин Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу эксперттик топ түзүлгөн.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстанда соттук реформаларды ишке ашырууга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болуп жатат

Өлкө башчынын айтымында, ушул жылдын май айында "КРдин Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу эксперттик топ түзүлгөн.

"Аталган топ беш ай ичинде 70 ирет жыйын өткөрдү. Анда реформанын ар тарабы боюнча маселелер козголду. Бирок дагы деле эскиче ой жүгүртүүлөр ишке толкоол болуп жатат", — деди президент.

Мындан улам Жээнбеков Крыгызстанда жүргүзүлүп жаткан соттук реформалар ишке ашып, сотторго элдин ишенимин толук кандуу кайтаруу үчүн жаңыча ойлонууга чакырды.

Эске салсак, буга чейин президент сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу караларын айткан.

2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Тема боюнча

Свердлов райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголмой болду
Сотторго нааразы болгон жарандар Ак үй алдына күнүгө митингге чыгууда
Белгилер:
реформа, сот, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ