Бишкек шаардык кеңештин депутаты мандатынан кол жууду

Жазылуу
Эгер кишинин кош жарандыгы болсо, ал эл өкүлү боло албай турганын Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы белгиледи.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештеги "Республика — Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жусуп Коргонбай уулунун мандаты алынганын аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Мындай чечим 19-декабрда кабыл алынган. 2018-жылдын жайында комиссия Россиянын Юстиция министрлигине депутаттын жарандыгы тууралуу маалымат сурап кайрылышкан. Россия тарап Коргонбай уулу 2007-жылы Россиянын жарандыгын алганын жана ал бүгүнкү күнгө чейин жарамдуу экенин билдирген.

"Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 52-беренесинде башка мамлекеттин жараны депутат боло албайт деп жазылып турат", — деди Маматов.

Ал ошондой эле эгер кишинин кош жарандуулугу болсо, ал эл өкүлү боло албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0