Жээнбеков: антыңарды ишке келгенде жана кеткенде эстегидей болгула

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте жаңы үч министр ант берди.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү — тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңеште ант берди. Алардын антын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Өлкө башчысы өз сөзүндө ант берген министрлер иштин майын чыгарып иштей турчу курактагылар экенине токтолду.

"Жаш болсо да мамлекеттик кызматтын ачуу-таттуусун басып өтүшкөн. Жаш министрлер сыноо алдында турат. "Эл багар уул ээрдин үстүндө уктайт" дейт. Уйкуну азыраак уктап көп иштесеңер, талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет, ошону унутпагыла", — деди президент.

Ал ошондой эле бүгүн берген антты ишке келгенде, иштен кеткенде эстеп жүрүүгө чакырып, жалпы өкмөткө ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0