Жээнбеков Нарынга барып, жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырат

Жазылуу
Президент УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырат.

БИШКЕК, 24-ок. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапар менен кеткендигин мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда Жээнбеков Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушары айтылган.

"Мамлекет башчысы социалдык объектилерге барат, президенттин катышуусу менен УКМК жана ӨКМдин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жээнбеков Талас облусуна барып, 250 адамга жумуш берген төө буурчак заводунун ачылышына катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0