Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов
Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан парламент фракцияларынын лидерлерин чакырып, шайлоо алдында берген убадалары канчалык аткарылганын сурап турмай болду.

Бул жолу редакцияга "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов баш бакты.

Эл өкүлү кесиптештери менен жасап жаткан иштери, партия лидери Өмүрбек Текебаев жана башка орчундуу окуялар тууралуу айтып берди.

— Алмамбет Насырканович, парламенттин VI чакырылышы өз мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөп койду. Шайлоо алдында берген убадалардын кайсынысын аткарууга жетиштиңиздер?

— Биз Конституцияда көрсөтүлгөн милдет жана мүмкүнчүлүктүн тегерегинде элге берилген убадаларды аткарып жатабыз. Мисалы "Ата Мекен" парламентте азчылыкты түзгөн, оппозициялык фракция. Бирок ошол эле маалда бардык социалдык маселелер боюнча мыйзамдар аркылуу, сунушубузду билдирип, өз позициябызда туруп келе жатабыз. Айта кетсек, 2016-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип жатканда "Ата Мекен" фракциясы эң биринчи болуп каршы чыккан. Көп фракциялар коркконунан макул болушкан. Мына эми тарых өз баасын берип, ошондо Конституция туура эмес өзгөртүлгөнүн азыркы кырдаал көрсөтүп жатат. Айталы, өзгөртүлгөн Баш мыйзам боюнча соттор бийликтен көз каранды. Анткени азыр дисциплинардык комиссия аркылуу тил албаган сотторду жазалап кое алышат. Биздин концепция боюнча соттор көз карандысыз болуп, мыйзамга гана баш ийиши керек эле. Бул маселени биз ушул күнгө чейин айтып келе жатабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын VI чакырылышынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын VI чакырылышынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов

— Кыргыз парламенти мыйзам чыгаруу жагынан алдыңкы мамлекеттерди артта калтырды. Бирок мыйзамдардын баары эле аткарыла бербейт. Сиздин оюңузча канткенде мыйзам кагазда эле калбай, элге иштейт?

— Жакшы суроо бердиңиз. Мен ар дайым мыйзам чыгаруу процессин сындап келем. Популизм менен же өкмөткө убактылуу бир мыйзам керек болгондо, анын келечегин карабай туруп кабыл алып коебуз. Жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер терс таасирин берип жатат. Ошондуктан ар бир мыйзамды 1-2 жыл парламентте, коомчулукта талкуулап, сунушталып жаткан мыйзам коомдун кайсы багытын жөнгө салса, ошол адистердин чөйрөсүндө талкуулап, башка мыйзамдар менен шайкеш келгендей кылышыбыз керек.

Бирок тилекке каршы мыйзам бүгүн сунушталса бир жумадан кийин, бир айдан кийин кабыл алынып жаткан учурлар бар. Ушул маселелерди көтөрүп чыгып, башкаруучу режимге жаман көрүнүп калабыз.

— Өткөн аптада "Өмүрбек Текебаев каза болду" деген жалган маалымат тарап кетти. Бул нерсе кимге керек боду деп ойлойсуз? Учурда анын абалы кандай?

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Дастан Жумабеков: 120 депутаттын баары мыйзам жазууга милдеттүү эмес
— Кудайга шүгүр, лидерибиз аман-эсен. Муну мен тек гана көрө албастардын кылганы деп баалайм. Өмүрбек Чиркешович бир ай ооруканада жатты. Ошол 30 күндүн беш күнүндө Ысык-Көлдө болуп барбай калбасам, башка маалда күндө барып турдум. Маанайы жакшы, абалы да азыр бир топ дурус болуп калды. Ал кишинин саясий сезимталдыгы, алдыга туура божомолдой билүүсү күчтүү. Анткени өлкөнүн бардык саясий турмушуна активдүү катышып, өз жон териси менен сезген саясатчы. Мурдагы бийлик учурунда адилетсиз абакка отуруп калган Текебаев акыры чындык жеңерине ишенет.

— Мурдагы бийлик демекчи, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев бир кезде үзөңгүлөш эле. Кийин экөөнүн ортосунда жарака пайда болду. Буга Өмүрбек Чиркешович өкүнбөйбү?

— Жок. Экөөнүн чыры эмнеден чыкты? Текебаев "Конституцияны оңдобо, сот реформасын талкалаба, мурдагы жан-жөкөрлөрүңдү жогорку кызматтарга койбо. Элдин деми менен келгенбиз, эл эмне дейт?" деди. Эми мунун аягы ушул менен эле бүтүп калбайт да. Ар бир адам өзү кетирген катасы үчүн жооп берет.

© Sputnik / Табылды КадырбековШыкмаматов: Текебаев, Атамбаев менен мамилеси бузулганына өкүнбөйт.
Вручение национальной кинопремии Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаев, Атамбаев менен мамилеси бузулганына өкүнбөйт.

— Эл арасында "Өмүрбек Текебаевди мунапыс аркылуу бошотуу боюнча маселе каралып, бирок өзү "акталып чыгышым керек" деген жообу менен баш тартып койгондугу айтылып жатат. Бул чынбы?

— Бул эч кандай ушак эмес. Кубат Оторбаев акыйкатчы кезде президентке расмий түрдө "Текебаевге ырайым кылыңыз" деп кайрылган. Бирок өлкө башчы жооп бере электе эле Текебаев мындай кечиримден баш тарткан. Анткени президенттин ырайым берүүсү соттолгон адам кылмышты моюнга алды дегенди түшүндүрөт. Лидерибиз "мен эч качан кылмышты мойнума албайм, эртели-кеч акталам" деп айткан.

— Сиз мурдагы министр катары өкмөттүн азыркы түзүмүнө кандай баа бересиз?

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
— Өзгөртчү тармактар бар. Биз өлкөнү өнүктүрүүдөгү приоритеттүү багыттар деп төрт тармакты айтып келебиз. Алар: айыл-чарба, тоо-кен, туризм, энергетика жана суу ресурстары. Ал эми бизде азыр энергетика өзүнчө министрлик эмес, холдинг болуп отурат. Муну өзгөртүүгө да биз каршы чыкканбыз. Министрлик ошол жааттын саясатын жүргүзөт, жасаган иштерине жооп берет, а холдинг деген жөн эле бир чарбалык структура. Туризмди алсак, мамлекет жөн гана бир министрликтин алдындагы департамент кылып кармап отурат. Өлкөнүн туристтик потенциалы жогору дегенибиз менен аны эл өзү эле көтөрүп жатат. Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекет же парламенттин депутаттары эч нерсе жасаган жокпуз. Эл өзү кымызын берип, коногун тосуп аракетин көрүүдө.

Айыл-чарба министрлигин алалы. Приоритеттүү багыт деп кантип айтабыз? Министрликтин бар-жогу билинбейт. Тоо-кен тармагы улам бир коррупциялык иштерден башы чыкпайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековШыкмаматов: кийинки парламентке кирбесек да, саясий активдүүлүгүбүздөн кайтпайбыз.
Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: кийинки парламентке кирбесек да, саясий активдүүлүгүбүздөн кайтпайбыз.

— А парламентчи? Бир кезде Сапар Исаков аны "саясий өлүк" деди эле…

— Сапар Исаков эмоцияга алдырып айтып койду да. Мени премьерликтен алып салышты деп эле, ачууланды. Парламент — саясий өлүк эмес! Парламент — коомдун күзгүсү! Депутаттар өздөрү эле келип кабинеттерди ачып отуруп алган жок да. Аларды эл шайлады.

— "Ата Мекен" келерки парламенттик шайлоого катышабы?

— Кийинки парламентте болобузбу, жокпу аны биздин рейтингдер, шайлоо, элдин пикири көрсөтөт. Эгер биз парламентте болбой калсак да саясий активдүүлүктөн кайтпайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0