Жогорку Кеңеште Шыкмаматов менен Карамушкина кайым айтыша кетти

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов
Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттардын талашы "Белизгейт" иши боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакыруу маселесинен улам чыкты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина айтыша кетти.

Алгач Шыкмаматов "Белизгейт" окуясы боюнча бүгүн УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырып маалымат угуу маселесин көтөрдү. Депутат атайын кызматтар учурунда жалпы парламентке шек келтиргенин айтты.

"Чекит коёлу, эл-журт көрсүн. Бул жеке мамиле деп жатышат, бул жеке мамиле эмес. Ар бирибиздин намысыбызга шек келип жатат. Намыстан өткөн бийик нерсе жок", — деди Шыкмаматов.

Депутат Каныбек Иманалиев дагы экс-президенттин тушунда кыргыздын мыкты уул-кыздары ак жеринен караланып, кээси абакта, убактылуу кармоо жайында отурса, кээси кызматсыз жүргөнүн айтты.

"Ушул нерселерге так баа бере албасак, анда бул тарых эртең дагы кайталанат. Биздин, сиздин же балаңыздын башына түшөт", — деди Иманалиев.

Сөз алган депутат Ирина Карамушкина эмне үчүн "Ата Мекен" фракциясы дайыма эле өлкөнү чыңалган абалга тушуктурууга кызыкдар экенине суроо салып, Атамбаевдин учурунда камалгандар, соттолгондор боюнча туура эле чечим чыкканын белгиледи.

"Алмазбек Атамбаев президент кезинде козголгон кылмыш иштери туура ачылган. Айрымдарын мөөнөтүнөн мурда чыгарып койду, андай кылбай толук отурса болмок", — деди Карамушкина.

Эл өкүлү, андан сырткары, учурунда ал дагы төрагага кайрылып, Кубанычбек Кулматовго эмнеге азыркыга чейин айып тага албай жатканын угуу үчүн УКМКны, Башкы прокуратураны чакыруу керектигин айтканын билдирди.

"Биздин деле партиялаштарды кармап, камап жатат. Биз соттун чечимин, тергөөнүн жыйынтыгын күтүп тынч эле отурабыз. Силер ("Ата Мекен" — автор.) өзүңөрдү эркиндик үчүн күрөшкөн тарап катары көрсөтүүнү токтоткула", — деди Карамушкина.

ЖК депутаттары канча ирет, кандай себептер менен жумуштан калышкан - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар эмнеге жыйындарга келбейт? Жогорку Кеңештин иши тууралуу 10 факты
Анын бул айткандарына жооп кайтарган Шыкмаматов Карамушкинадай депутаттардын айынан өлкө бийлиги туура жолдон адашып жатканын белгиледи.

"Ирина Юриевна акыркы эки жылда мамлекетте улуттун кызыкчылыгы, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк боюнча маселе көтөрүлүп жатканда ар дайым экинчи микрофонго чыгып алып, жаңжал чыгарат. Ушул сиздей депутаттардын айынан акыркы жылдары бийлик жолдон адашкан. Жасакерленип, адилетсиздикти көрмөксөн болуп, ак-караны ажырата албаган эл өкүлдөрү үчүн уят эле. Ошондуктан сиз калыс болсоңуз. Керек болсо сиз биринчи болуп УКМК менен Башкы прокуратура ушул жерге келсин деп айтып чыгышыңыз керек болчу. Анан жөн эле аларды жактай бербеңиз, уят да ушул", — деди Шыкмаматов.

Депутат Карамушкина Шыкмаматовго жооп кайтарып, кайсы депутаттын айынын өлкө жолдон адашканын тарых ордуна коёрун жана уятты Шыкмаматов өзүнүн бетинен издеши керектигин айтып, өзү үчүн да, партия үчүн да жооп берүүгө кудурети жете турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0