Эрдоган Кыргызстанга келип түштү. Үч күндө катыша турган иш-чаралары

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Бишкектеги борбордук мечиттин ачылышына катышып, андан соң Көчмөндөр оюндарына барат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Манас" эл аралык аэропортунда президент Сооронбай Жээнбеков менен Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу аземи өттү. Флагштокто эки өлкөнүн туусу көтөрүлүп, Ардак кароол тизилип, гимндер жаңырды.

"Сапардын алкагында 1-сентябрда эки президенттин сүйлөшүүсү, Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин отуруму болот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу мерчемделүүдө жана эки өлкө башчылары пресса үчүн билдирүү жасашат", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке Эрдогандын келишине байланышуу бир нече көчө жабылат. Тизме
Ал эми 2-сентябрда эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес-форумда болуп, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин медицина факультетининин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салышат. Андан тышкары, Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышат.

Эрдогандын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана ЖК төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушуусу пландаштырылган.

Андан соң Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине, 3-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин VI жыйынына катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0