БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Эскерте кетсек, Эсеналиев буга чейин аппарат жетекчисинин орун басарлыгын аркалап келген. Аппаратты башкарып турган Мухаммедкалый Абылгазиев апрель айында өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин жетекчилик кызмат бош турган.