00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абылгазиев Жээнбековго "Коопсуз шаар" долбоору кайсы этапта экенин айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент премьерге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Анда өкмөт тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнда өкмөт тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Анда өкмөт тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анда өкмөт тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.
Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.
2/3
Анда өкмөт тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
3/3
Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады. Ошондой эле жакын арада Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу КРдин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, премьерге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуштады.

"Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек", — деп белгиледи президент.

Премьер-министр Абылгазиев өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, "Коопсуз шаар", "Түндүк" системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана "Таза коом" санарип трансформация программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарында жайгашкан Рысбеков атындагы оорукананын жамааты менен жолугуп жатып медициналык кызматкерлердин айрым категориясы үчүн айлык акыны жогорулатууга каражат изделип жатканын айтты - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: айрым дарыгерлердин гана айлыгы жогорулайт
Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу "Коопсуз шаар" долбооруна карата техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолуу, 52 стационардык чеги эреже бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системасы орнотулат.

КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялаган, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.

"Бүгүнкү күндө жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск "Бала бакчаларга Е-кезекке туруу", "Гибриддик почта" сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган", — деп маалымдады Абылгазиев.

Ал ошондой эле электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0