13:52 03 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Райым Матраимов менен өкмөттүн соту (18)
101 0 0

Экс-бажычынын жактоочусу эгер оппоненттер соттун өкүмүнө макул болбой даттанса кийинки инстанциядагы сот боло турганын билдирген.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун жумуштан мыйзамсыз алынганы боюнча соттун өкүмү өкмөттүн аппаратына келип түшө элек. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду доосун канааттандырган.

"Соттун чечими өкмөттүн аппаратына келип түшө элек. Бизге келсе, материалдар менен таанышып чыккан соң кийинки кадамдар белгилүү болот", — деп билдиришти.

Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская сот доо арызды гана канааттандырганын, эгер оппоненттер соттун өкүмүнө макул болбой даттанса кийинки инстанциядагы сот боло турганын билдирген.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков кызматтан кеткенден кийин Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра өзүнүн кызматына турууну сураган болчу.

Тема:
Райым Матраимов менен өкмөттүн соту (18)

Тема боюнча

Райондук сот Райым Матраимовду кызматына кайтаруу өкүмүн чыгарды
Матраимов, Жээнбеков жана коррупцияга каршы күрөш... Серепчилердин пикири
Матраимовдун үйүн карагыла! Депутат бажычылардын үйүн текшерүүнү талап кылды
Биринчи Май райондук соту Райым Матраимовдун ишин карады
Белгилер:
даттануу, өкмөт, сот, Райымбек Матраимов

ЭҢ МААНИЛҮҮ