Матраимов, Жээнбеков жана коррупцияга каршы күрөш... Серепчилердин пикири

© AP Photo / Moises CastilloКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулук буга чейин Бишкек ТЭЦтин айланасындагы чуу боюнча камакка алынган аткаминерлерди кызуу талкуулап жатты эле, эми мурдагы бажычы Райым Матраимовду дагы кеп кыла башташты.

Саясий серепчи Дмитрий Орлов өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жогору жакта Матраимовду кармоо боюнча чечим кабыл алынганын жазып чыкты. Анын мындай посту көз жаздымда калбастан, интернет колдонуучулары арасында кызуу талкууну жаратууда.

Ал ортодо экс-чиновниктин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча дагы маалыматтар тарап кетти, бирок жергиликтүү ЖМКлардын бири Матраимов мындай имишти өзү четке какканын жарыялады.

"Мен кайда качат элем? Кача турган адам эмесмин. Суусамырда кымыз ичип, эс алуудамын. Ишенбесеңер келип конок болуп кеткиле", — деп агенттик Матраимовдун сөзүн келтирген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Орловдун өзү менен байланышканда, Райым Матраимовду кармоо боюнча так чечим чыга элегин билдирди.

Мындан улам редакция Матраимовду камакка алуу канчалык мүмкүн экенин, негизи эле өлкөдө коррупцияга каршы күрөш кандай деңгээлде жүрүп жатканын билүү максатында серепчилердин пикирин укту.

Артур Медетбеков, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары:

© Sputnik / Табылды КадырбековАртур Медетбеков, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары
Генерал-майор, эксперт по безопасности Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
Артур Медетбеков, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары

— Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан саясаты абдан актуалдуу. Анткени паракорчулук учурдун негизги көйгөйү. Жакшылап казып көрсөк, бир эле ТЭЦте эмес, башка тармактардан дагы чет элдик гранттар, кредиттер боюнча толгон-токой кыңыр иштер чыгат. Менимче азыр президент эң туура жол менен бара жатат, тиешелүү кызматтар дагы аны колдоого алууда. Андыктан, азыр жөн гана оппоненттерге каршы күрөш деп айтууга болбойт. Ал эми коомдо жана ЖМКларда көп айтылып жүргөн Райым Матраимовго токтолсок, бийлик ага атайылап тийбей жатат деп ойлобойм. Аны бир дагы орган иликтөөгө алып, күнөөсүн далилдей элек. Негизи Матраимов болобу, андан башка бирөөбү, күнөөсү болсо эч нерсеге карабай мыйзам алдында жооп берши керек.

Искендер Ормон уулу, "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси:

© Sputnik / Табылды КадырбековИскендер Ормон уулу, "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси
Руководитель общественного фонда Кереге Искендер Ормон уулу - Sputnik Кыргызстан
Искендер Ормон уулу, "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси

— Коомдо "коррупция менен тандалма күрөш болуп жатат" деген пикир жаралууда. Мисалы, мурдагы бажычы Райым Матраимовдун тегерегиндеги сөздөрдү алалы. Соттун чечими болбогондон кийин аны эч ким коррупционер деп айта албайт. Бирок бешиктеги балага чейин аны оозго алгандыктан, сөзсүз текшерип чыгуу керек. Азыр негативдүү же позитивдүү баа берүүгө эрте. Кырдаал жаман же жакшы жакка оойбу ал президенттин өзүнөн көз каранды.

Шерадил Бактыгулов, саясат таануучу:

© Sputnik / Жоомарт УраимовШерадил Бактыгулов, саясат таануучу
Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан
Шерадил Бактыгулов, саясат таануучу

— Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2013-жылдан бери коррупцияга байланышкан үч миңден ашык кылмыш ишин козгогон. Акыркы айларда алардын катарына жогорку кызматтарды аркалаган адамдар кошулуп калды. Андыктан коомчулукка ошолордун гана аты белгилүү болууда. Экинчиден, ТЭЦ боюнча кылмыш ишин УКМК Жогорку Кеңештин сунушу менен козгогон. Буга президенттин түз тиешеси бар деп айта албайбыз. Демек муну президенттин гана каалоосу, оппоненттерден кутулуу амалы десек жаңылышабыз.

Бажы кызматынын жетечисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов тууралуу айтсам, анын үстүнөн бирөө арыз жазган эмес, бир нерсе уурдаганы дагы далилдене элек. Балким ЖМКлар документтер менен макалаларды жазса, тиешелүү органдар иликтөөгө алмак. Азыр курулай сөз болуп жатат.

Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу:

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Акматалиев, саясат таануучу
Политолог Алмазбек Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу

— Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов сыяктуу ТЭЦ модернизациясы боюнча камакка алынгандар өз алдынча саясий көз карашы бар адамдар эмес. Андыктан буларды оппонент деп атоого болбойт. ТЭЦтеги реконструкцияга байланыштуу чуулуу иште коррупция бар экени баарына белгилүү. Анда келишим түзүп, кол койгон адамдарды камабаганда, кимди камаш керек? Менимче муну коррупция менен күрөш деп айтууга толук негиз бар.

Ал эми Матраимовго тергөөчүлөрдүн суроосу бар экенине ишенем. Азыр анын кимдин жакыны экенине карабашыбыз керек. Менимче президент жана укук коргоо органдары дал ушул принцип менен иштеп жатат.

Игорь Шестаков, саясат таануучу:

© SputnikИгорь Шестаков, саясат таануучу
Политолог Игорь Шестаков - Sputnik Кыргызстан
Игорь Шестаков, саясат таануучу

— Коррупция менен күрөш болуп жатканына күмөн жок. Бир эле мисал Жантөрө Сатыбалдиевди активдүү оппонент деп айта албайсың да. Ооба, анын КСДПга тиешеси болгон, бирок ал өмүр бою экономикалык тармакта эмгектенген.

Ал эми Исаков менен Кулматов тууралуу айтсак, дал ушул экөөнүн камакка алынышы саясий чечим катары бааланып жатат. Менимче, бул экөөнү үй камагына алуу жетиштүү болмок, анткени алар өлкөдөн качып кетпейт болчу.

Матраимов боюнча токтолсом, президент 8-февраль күнү болгон Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы аеосуз күрөш болорун айтпады беле. Демек, коррупцияга тиешеси бар ким гана болбосун жоопко тартылат деп ишенип туралы.

Жаңылыктар түрмөгү
0