Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевге жазды деген каттары боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Наримана Тюлеева
Пресс-конференция Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлеев каттагы кол жазма ага таандык эместигин айтты.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Социалдык тармактарда мурдагы мэр Нариман Түлеев абакта жатканда экс-президент Алмазбек Атамбаевден бошотуусун суранып, бир нече жолу кат жазганы тууралуу маалыматтар менен каттын сүрөтү тараган.

Анда Түлеев Атамбаевден кечирим сурап, көп кемчиликтерди кетиргенин жазган.

Бул каттын тарыхына КСДП партиясы да түшүндүрмө берди. Уюмдун тараткан билдирүүсүндө Түлеев Атамбаевден чынында эле кечирим сураганы жазылат. 

© Фото / секретариат фракции СДПКЯкобы письменное обращение Наримана Тюлеева Алмазбеку Атамбаеву
Якобы письменное обращение Наримана Тюлеева Алмазбеку Атамбаеву - Sputnik Кыргызстан
Якобы письменное обращение Наримана Тюлеева Алмазбеку Атамбаеву

"Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып, Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын билдиребиз. Атамбаев Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Демек кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес", — деп айтылат маалыматта.

3-майда айрым ЖМКларда Нарын облусунун пенсионери С.Чолуевге шилтеме жасаган маалыматтар пайда болгон. Анда Атамбаев учурунда эгерде Түлеев өлкө президентинен кечирим сураса, ага кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө жардам берүүгө даяр экени айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Атамбаев эмнеге жолугушуусу керек. Эксперттердин пикири
Партиянын билдирүүсүндө Түлеевдин соттук чечимдерди кайрадан кароо толкунун демилгелөө менен ага илинип калуу максаты бардыр деп жазылат.

"Нариман Түлеевдин позициясынын 180 градуска өзгөрүшү эч кимди таң калтырбайт деле. Анткени "мурунку" жашоосунда Нариман Ташболотович өз атасынын көзү тирүү туруп, Курманбек Бакиевди "атаке" дегенин көптөр али деле унута элек", — деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Нариман Түлеев дагы КСДП партиясынын айтканына жооп кайтарып, жарыяланган маалыматтарга таң калганын Facebook баракчасына жазды белгиледи.

Ал өз билдирүүсүндө Атамбаевдин кечирим суроого негиз болбогонун жана каттагы кол жазма аныкы эместигин айтты.

"Биринчиден бул жазма меники эмес. Одоно жасалмаланган. Мен бардык графологиялык экспертизаларды өткөрүүгө макулмун", — деп жазды ал.

Түлеев мунун бары кара пиар экенин белгилеген.

Экс-депутат Түлеев Атамбаевден кечирим сурабай турганын, тескерисинче, ал элден коррупция үчүн, сот системасын ара жолдо калтырганы үчүн, жарандардын конституциялык укуктарын бузганы үчүн кечирим сурашы керек экенин жазды.

Белгилей кетсек, Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык аракеттерге барган деп айыпталган. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан.Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 2016-жылы 7-майда эркиндикке чыккан

Жаңылыктар түрмөгү
0