ТЭЦтеги авариядан кийин камакка алынган энергетика тармагындагы жетекчилер. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив
Бишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы кыштын эң суук күндөрүнүн биринде, 26-январь күнү Бишкек ТЭЦинде авария болуп, анын кесепетинен калаа тургундары жылуулуксуз калган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында акыркы айларда энергетика тармагындагы бир нече жетекчи шектүү катары кармалды.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исаков: Кытай элчиси ТЭЦтин оңдолушу боюнча сын пикирге катуу жооп берди
Ошол кездеги ТЭЦ жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматтан кетип, кийин жылуулук тармагын модернизациялоодо жабдуулар кымбат сатып алынганын айтып чыккан.

Ошондой эле ал Кытайдан алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланган ТЭЦке химиялык цех курулбай калганын кошумчалаган.

Ал эми УКМК ТЭЦтеги авария боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында энергетика тармагындагы бир катар жетекчилерди колго түшүргөн. Алар кимдер экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп чыкты.

Бердибек Боркоев

УКМКнын маалыматына караганда, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери буу казандарды оңдоо үчүн сынактын талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүнө карабастан, уюмдар менен келишимдерди түзүп, алардын эсебине акча каражатын которуп турган. Ал эми иш жүзүндө ремонт иштери ТЭЦтин өзүнүн күчү менен ишке ашкан. Мындан улам акционердик коомдун жетекчисинин мурунку орун басары Бердибек Боркоев бир катар аткаминерлер менен ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп күнөөлөнүп, март айында кармалган.

Алмазбек Жусупбеков

Строительная площадка в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү
"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков Боркоев шектелген иштин алкагында колго түшүрүлгөн.

Узак Кыдырбаев

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган.

Темирлан Бримкулов

Ошол эле 221-берене менен айыпталган Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 4-апрель күнү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Салайдин Авазов

Бишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги аварияга күнөөлүүлөр айтылып, кызматтан алуу сунушталды
Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган Салайдин Авазов ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалды. Авазов буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болуп иштеген.

Жолдошбек Назаров

Салайдин Авазов менен бирге ошол кезде ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалаган Жолдошбек Назаров да камакка алынды. Экөө тең кечээ, 17-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Айбек Калиев

Ал эми бүгүн, 18-апрель күнү УКМК "Улуттук энергетикалык холдингдин" башкаруучулугунун мурдагы төрагасы Айбек Калиевди "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармады.

Жаңылыктар түрмөгү
0