БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Экс-периздент Алмазбек Атамбаев КСДПнын бүгүнкү курултайынан кийин журналисттерге брифинг берип жатып, саясат менен кайрадан алектенүүгө туура келип жаткандыгын айтты.
"Азыр мезгил ушундай болуп турат. Бүгүнкү оор күндө мага кайрадан саясатка кайтып келүүгө туура келип жатат", — деди ал.
Бүгүн Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде КСДПнын курултайы өтүп, Атамбаев саясий бирикменин төрагасы болуп шайланды.
Экс-президент 2011-жылдын соңуна чейин аталган партияны жетектеп, өлкө башчысы болгондон кийин кызматтан кеткен. Ошондон бери анын орду бош болчу.
Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өткөргөн съездин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тесттик трансляциясынан окуңуз.