10:04 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефондон сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
251 0 0

Мамлекет жетекчилери Астанада эки өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон "Жол картасы" боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын айтышкан

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет жетекчинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер Астанада эки өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон "Жол картасы" боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын айтышкан. Белгилей кетсек, 16 ыкчам мүнөздөгү, 5 кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чараларды камтыган "Жол картага" 2-декабрда кол коюлуп, эртеси кыргыз-казак чек арасы кадимки тартипте иштей баштаган.

Мындан сырткары, өлкө лидерлери Кыргызстан менен Казакстандын алдыдагы эки тараптуу кызматташуулары боюнча пикир алмашышкан.

Телефондук сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулганы айтылды.

Тема боюнча

Кыргыз-казак чек арасы түндөн тарта ачылат. "Жол картага" кол коюлду
Назарбаев: эки элдин ортосундагы достук карым-катнашты калыбына келтиребиз
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фура жок
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, Нурсултан Назарбаев, Сооронбай Жээнбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ