Назарбаев Жээнбеков менен бирге туугандык мамилени улантаарына ишенет

© Фото / пресс-служба президента КазахстанаВизит премьер-министра КР Сооронбая Жээнбекова в Казахстан
Визит премьер-министра КР Сооронбая Жээнбекова в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 59 жашка толду

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу жаңы шайланган президенттин маалымат кызматы билдирди.

Назарбаев өз куттуктоосунда эки элдин ортосунда салттуу болуп калган карым-катнаш уланарын белгилеген.

"Туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм. Биз салтка айланып калган бир туугандык жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантарыбызга ишенем. Сиздин жакшы иштериңиз жемиштүү болуп, кубатыңыз эч түгөнбөсүн", — деп айтылат Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун инаугурациясына айтылган суммадан аз каражат сарпталат
Казак президенти ошондой эле Жээнбековго чың ден соолук, узак өмүр каалаган.

Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 59 жашка толду. Ал 1958-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Жээнбеков 15-октябрда болгон президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0