Жеңиш Разаков президенттин кеңешчиси болду

Жазылуу
Бүгүн, 26-октябрь күнү Жеңиш Разаков менен Алмазбек Курманалиев жаңы кызматка бекитилди

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жениш Разаков президенттин кеңешчиси болуп дайындалганын өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев Жеңиш Разаковду кеңешчилик кызматка дайындоо боюнча жарлыкка бүгүн, 26-октябрда, кол койду.

Ошондой эле өлкө башчынын дагы бир буйругу менен Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0