ЖК комитети Казакстан берчү 100 млн. доллардан баш тартууну колдоду

Жазылуу
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде Казакстан 100 миллион доллар жардам берерин билдирген болчу

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Казакстандын бере турчу 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча билдирүү жасап, аны комитет колдоого алды. Бул тууралуу Зилалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Вице-премьер Казакстан аталган жардамды 10 жылдан бери беребиз деп келгенин, бирок ушул убакка чейин аракет ишке ашпай келе жатканын айтты.

"Ал каражатка негизинен ветеринардык лабораторияларды куруу пландалган. Бирок биз бир тыйын күтпөстөн 18 лабораторияны бюджеттик каражаттан курдук. Өзүбүздүн күчүбүз менен лабораторияларды куруп, каражатты башка булактардан тапканга аракет кылабыз", — деди ал.

20-октябрда КР өкмөтү Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегени маалым болгон.

Чек арадан товар өткөрүп иштеген Индия апа: араба түртүп бутума турдум - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан товар өткөрүп иштеген "Индия апа": араба түртүп бутума турдум
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде Казакстан 100 миллион доллар жардам берерин билдирген. Аталган каражат Кыргызстандын санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык системасын ЕАЭБдин талаптарына ылайык жакшыртууга жумшалмак. Быйыл июнь айында Казакстандын мажилиси каражатты бөлүүнү жактырган.

Сентябрь айында Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенттигине ат салышып жаткан талапкерлердин бири менен жолуккан. Ага КР Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарып, мындай аракет өлкөнүн ички ишине кийлигишүү экенин билдирген. 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, казак бийлигине бир катар сын пикир айткан.

Атамбаевдин айткандарына Казакстандын бийлиги бир нече жолу өз пикирин билдирген. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине киришинин алкагында 100 миллион доллар көлөмүндө техникалык жардам берүү чечимин кабыл алып, аны Казакстандын парламенти жактырганын айткан.

Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү
Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта оорлой баштаган. Расмий Астана мындай кырдаал чек арадагы аткезчилик менен күрөшүү аракетинен улам болуп жатканын билдирген. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Казакстанга иш сапары менен барып, чек арадан жарандардын, жеңил автоунаалардын жана жүргүнчү ташыган транспорттордун тоскоолдуксуз өтүүсү боюнча сүйлөшүүгө жетишкен.

20-октябрда КР өкмөтү Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегени маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0