УКМК Баш прокуратурага Бабанов боюнча документ жөнөттү. Талапкердин штабы үн катты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү
Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күч түзүмдөрү көзөмөл органынан президенттикке талапкерлердин биринин эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзү боюнча чара көрүүнү суранды

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. УКМКдан Башкы прокуратурага президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун жашоочуларынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзү боюнча материалдар келип түштү. Бул туурасында аталган көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Андагы маалыматтарда кеп Бабановдун 28-сентябрда Ош шаарындагы "Амир-Тимур" кичи районунда сүйлөгөн сөзү боюнча болуп жатат. Материалдардын арасында саясий-филологиялык экспертиза менен видеофонографиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы бар.

"Саясий-филологиялык экспертизанын жыйынтыгына караганда, Бабановдун сөзүндө улут аралык кастыкты козута турган, жарандарды бийликке баш ийбөөгө чакырган жана жапырт башаламандыкка алып келүүчү белгилер бар", — деп билдирген аталган орган.

Президенттин тулку бою роль ойнойбу? - Sputnik Кыргызстан
Президенттин тулку бою роль ойнойбу? Талапкерлердин бою жана салмагы
Талапкердин буга кошумча улуттук кастыкты козутушу мүмкүн болгон сөздөрдү айтканы кабарланган.

"Андан сырткары, улут аралык кастыктын негизинде бир катар этникалык топтордун өкүлдөрүн козутушу мүмкүн болгон сөздөр айтылган", — деп жазылат маалыматта.

Баш прокуратура видеофонографиялык изилдөө үн жана жазуу Өмүрбек Бабановго тиешелүү жана анын монтаждалышы байкалган жок деген кошумча маалымат берген.

УКМК талапкердин интернет айдыңына тарап кеткен видеодогу сүйлөгөнү боюнча кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын жана процессуалдык чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Мындай маалыматка жооп кылып Бабановдун шайлоо штабынан билдирүү жасашты.

"28-29-сентябрда жалган маалыматтар бар видеолор таратылган. Чагымчыл видео талапкерге жасалган тикелей басым жана элди, анын шайлоочуларын адаштыруу. Ал эми ЖМКларга, соцтармактарга жарыялангандар контексттен үзүп алынган", — деген маалыматты беришти.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бир да талапкер четтетилбейт, эл татыктуусун өзү тандап алат
29-сентябрда ЖКнын "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жеенчороевдин аталган видеону жасагандарды таап, кармоо, чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганы келтирилет.

"Уюштурулган чагымчылдык боюнча сурамга УКМК ыкчам чара көргөн жок", — деп жазылган маалыматта.

Бүгүн талапкердердин үгүт мөөнөтү аяктап, эртең жымжырттык күнү болот. Ал эми 15-октябрга президенттик шайлоо белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0