БИШКЕК, 12-окт. – Sputnik. Президенттикке талапкер Азимбек Бекназаров шайлоодон баш тартканын дебат учурунда түз эфир аркылуу билдирди.
Ал өз сөзүндө шайлоо кампаниясынын финалдык бөлүгүндө таразага талапкерлердин платформасы менен ой толгоосу эмес акча менен байлыктын күчү сынала турганын билдирди.
“Ошол себептен мен өз талапкерлигимди расмий түрдө алганымды жарыялайм”, — деди Бекназаров.
Эске салсак, буга чейин Бакыт Төрөбаев менен Камчыбек Ташиев дагы шайлоого катышпай тургандыктарын билдиришкен.
15-октябрда президент шайланбай калса эмне болот. Экинчи турдун жол-жобосун Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыз>>