00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

15-октябрда президент шайланбай калса эмне болот. Экинчи турдун жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоонун экинчи туру биринчисинен эки жума өткөндөн кийин белгиленип, ага эң көп болуш алган эки талапкер кыташат

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Кыргызстан эли 11 талапкердин ичинен президент шайлайт. Бирок IRI институтунун (International Republican Institute), маалыматы боюнча шайлоонун экинчи туру болушу мүмкүн.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги кайра добуш берүүнүн шарттарын жана жол-жоболорун билип көрдү.

"КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга таянсак, талапкерлердин бири добуш берүүгө келген шайлоочулардын 50 пайызынан көбүнүн добушун алса, ал жеңүүчү деп табылат. Андай болбой калса экинчи тур белгиленет.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, экинчи турга биринчисинен эң көп добуш алган эки талапкер ат салышат.

Президенттин тулку бою роль ойнойбу? - Sputnik Кыргызстан
Президенттин тулку бою роль ойнойбу? Талапкерлердин бою жана салмагы
"Мисалы, шайлоого эки миллион адам келди дейли. Талапкерлердин бири анын жарымынан көбүнүн, тагыраагы, бир миллиондон бир добуш болсо дагы ашык алса, шайлоо өтөсүнө жетти деп эсептелет. Ал эми бир дагы талапкер миллион добуштан ашык ала албаса, экинчи тур белгиленет. Эл тарабында эң жогору бааланган эки талапкер кайрадан шайлоого аттанат", — деди БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Анын айтымында, экинчи турга өткөн эки талапкердин бири кандайдыр бир себептер менен шайлоодон четтесе, добуш топтоо жагынан андан кийин турган талапкер анын ордуна аттанат.

Экинчи тур шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан эки жума өткөндөн кийин өткөрүлөт. Анда көбүрөөк добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат.

Бюллетенге эки талапкер жана "Баарына каршы" деген үч позиция киргизилет.

Экинчи турдун кызыктуу жери — шайлоочулар бюллетентен бир гана талапкердин атын көргөн учурлар болуп калышы ыктымал.

Бул боюнча мыйзамда "…Эгерде башка талапкерлер калбаган учурда, шайлоо бир талапкер менен өткөрүлөт" деп айтылат. Ал эми БШК өкүлү муну төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Кээ бирде экинчи турга чыккан талапкерлердин бири кайсы бир себептер менен шайлоодон четтеп, андан кийинки талапкерлер дагы катышпай калышы мүмкүн. Ошондо бюллетенге бир гана талапкердин аты киргизилип, эл аны шайлай турганын же шайлабасын билдирет. Бирок бизде мындай болбойт деп ишенем. Анткени, кудайга шүгүр, бизде 10дон ашык талапкерибиз бар", — деди Бекматов.

Экинчи турдагы үгүт иштери жөнүндө айтсак, шайлоо дайындалган убакыттан баштап талапкер өзүн "мактоого" алса болот. Ага кеткен каражат шайлоо фондунда калган акчадан гана алынышы керек. Экинчи тур үчүн фондду толуктоого болбойт.

Эгер экинчи турда дагы бир да талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде кайрадан президенттик шайлоону белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0