Сапар Исаков россиялык кардиохирургду өзүнө жардамчы кылып алды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЦентр сердечно-сосудистой хирургии в Челябинске
Центр сердечно-сосудистой хирургии в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коротеев — россиялык белгилүү кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнө коомдук башталыштагы жардамчы кылып Алексей Коротеевди алды. Тийиштүү буйрукка премьер кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Коротеев — россиялык белгилүү кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор. Ал иш тажрыйбасында жүрөккө эки миңдей операция жасаган.

Женские очки. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алардын бири 26 жашта
Көптөгөн жылдар бою Россиянын Б.В.Петровский атындагы илимий хирургия борборунда эмгектенген.

2004-жылы жасалма жүрөк боюнча эксперт бир нече жолу уникалдуу операцияларды жасаган.

Коротеев өкмөт башчыга жүрөк-кан тамыр ооруларына медициналык жардам берүү жана аны өнүктүрүү боюнча кеп-кеңеш берип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0