Министр Новиков россиялык кесиптешин келерки жылдагы жыйынга чакырды

© Фото / пресс-служба Минэкономики КРМосквада Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин бардык тармактар боюнча кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө туурасында макулдашты
Москвада Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин бардык тармактар боюнча кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө туурасында макулдашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлер "Россиялык экспорттук борбор" АКсынын насыялоо, камсыздандыруу боюнча механизмдерин колдонууну сүйлөштү

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Россиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин бардык тармактар боюнча кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө туурасында макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Сапар Исаков Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду - Sputnik Кыргызстан
Премьер Исаков Москвада жоокердин бейитине гүл коюп, ЖМКларга маек берди
Эки министр соода-экономикалык алаканы, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү, инвестиция тартууну, экспортту жандандырууну талкуулашты. Андан сырткары "Россиялык экспорттук борбор" АКсынын насыялоо, камсыздандыруу, банктык кепилдиктерди алуу боюнча механизмдерин колдонуу боюнча да сөз болду.

Новиков кесиптеши Орешкинди 2018-жылдын башында өтө турган аймактар аралык VI кыргыз-россиялык конференцияга катышууга чакырды.

Министрлердин жолугушуусу премьер-министр Сапар Исаковдун Россияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0