Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов сунушталууда

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекОрус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мекемени буга чейин жетектеп келген Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер болуп дайындалган

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги сунушталып жатканын президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, башкы банктын жетекчисин президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш шайлайт.

Кулматов аталган маселе боюнча консультациялар болгонун айтты.

"Бирок менин талапкерлигим көрсөтүлгөнүн уга элекмин", — деди ал.

Улуттук банктын буга чейинки төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер болуп дайындалган.

Ал эми Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп, андан кийин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0