Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы бир жылда Атамбаевден 3 эсе көп акча тапкан

© Фото / МИД КРТышкы иштер министрлигинин имараты. Архив
Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык корпустун кызматкерлеринин маяналары бири-биринен абдан эле айырмаланат. Эң кызыгы министр эң көп айлык алган алдыңкы 20 кызматкердин катарына кирбейт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы Тышкы иштер министрлигинин элчилери менен консулдарынын өткөн жылкы киреше-чыгашалары тууралуу декларациясын жарыялады.

Тизмеде 30 дипломат жана министр менен анын үч орун басары бар. Алардын кээ бирлери кызматынан кеткен.

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жан сактаткан бодо мал, стипендия жана эски "Жигули". Министрлердин кирешеси
Декларациядагы маалыматка караганда, 2016-жылы Кыргызстандын Украинадагы экс-элчиси Улукбек Чиналиев эң аз каражат тапкан — 130 миң сом (ал кызматынан 2015-жылдын аягында кеткен). Экинчи орунда Алматыдагы башкы консул Алиясбек Алымкулов турат. Ал 680 миң сом маяна алган. Кийинки орундарда ТИМ жетекчисинин орун басарлары.

Тагыраагы, министрдин орун басары Алмаз Усенов 870 миң сом тапса, дагы эки орун басардын ар бири 900 миң сомдон алган.

Миллионерлердин тизмесин министр Эрлан Абдылдаев баштайт, ал бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан. Дагы үч дипломаттын маянасы 1 миллиондон ашса, 12 элчинин айлыгы эки миллиондон ашык сомду чапчыган.

Ал эми жети элчинин былтыркы жылкы маянасы үч миллиондон ашат.

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды
Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды
© Фото / пресс-служба МИД КРАсеин Исаев бир жылда 3 миллион 591 миң сом тапкан
Асеин Исаев бир жылда 3 миллион 591 миң сом тапкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Асеин Исаев бир жылда 3 миллион 591 миң сом тапкан
© Sputnik / Табылды КадырбековЭрлан Абдылдаев бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан
Эрлан Абдылдаев бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Эрлан Абдылдаев бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан
1/3
Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды
2/3
Асеин Исаев бир жылда 3 миллион 591 миң сом тапкан
3/3
Эрлан Абдылдаев бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан
  • Авазбек Абдуразаков (Иран) — 3 миллион 53 миң сом;
  • Аскар Бешимов (Түштүк Корея) — 3 миллион 64 миң;
  • Гүлнара Искакова (Улуу Британия менен Түндүк Ирландия) — 3 миллион 192 миң;
  • Нурлан Ниязалиев (Катар) — 3 миллион 434 миң;
  • Асеин Исаев (Бельгия) — 3 миллион 591 миң;
  • Жусупбек Шарипов (Кувейт) — 3 миллион 861 миң сом.

Депутаты Жогорку Кенеша во время заседания - Sputnik Кыргызстан
Үрүп чыгар ити жок депутаттар. Тизме
Ошентип, Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун улуу агасы Кыргызстандын Кувейттеги өкүлү болуп эмгектенип, былтыркы жылы 3 миллион 861 миң сом тапкан (орто эсеп менен айына 322 миң сом же Улуттук банктын учурдагы курсу менен 4,6 миң доллар). 

Декларация тапшыргандардын арасында БУУнун жана Женевадагы эл аралык уюмдарда Кыргызстандын өкүлү Данияр Мукашев дагы бар. Бирок анын декларациясын ачууга мүмкүн болбоду. 

Ал эми КРдин президенти Алмазбек Атамбаев былтыр негизги кызмат ордунан 1 миллион 247 миң сом айлык алганы көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0