Ажолукка аттанган Садыр Жапаровдун документтерин БШК кабыл алды

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Садыр Жапаровдун архивдик сүрөтү
Экс-депутат Садыр Жапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип президент болом дегендердин саны 34гө жетти

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүп Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан маалымдашты.

Эске салсак, 2017-жылы 25-мартта УКМК Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган. Экс-депутат Кылмыш жаза кодексинин 30, 227, 341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча күнөөлөнүүдө.

Буга чейин Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөөнүн аягына чейин камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы каралган. Биринчи Май сотунун чечими менен аны №1 СИЗОго эки айга камакка алышкан.

Кол күрөшүп жаткан эркен жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажолук-2017. Армрестлинг чемпиону Карасартова, суучул Текебаев, фитнесчи Бабанов
Ал жактан Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилип, 2-апрелде ооруканага түшкөн. Ал эми 13-апрелде №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында жаткан экс-депутат Жапаров кайрадан №1 тергөө абагына которулган.

Ошентип, 2017-жылдын 20-июлуна карата 34 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.

Буга чейин Азимбек Бекназаров, Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камилла Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов, Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нурсет Мамедов, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу жана Арсланбек Малиев талапкерлигин өздөрү көрсөткөн.

Ал эми "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0