БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 13-майда жумушчу сапар менен Кытайга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы бул сапардын алкагында Кытайдын борбору Пекин шаарында өтчү "Бир алкак — бир жол" деп аталган эл аралык форумга катышат.
Мындан тышкары, Атамбаевдин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.