БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга боло турчу сапарынын күнү учурда такталып жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Азырынча өлкө башчысы коңшу мамлекетке качан барары белгисиз.
Буга чейин айрым ЖМКлар Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын миң чакырымга жакын бөлүгүн тактаганын жазып, эми эки президент Ташкентте келишимге кол коюушу керектигин билдиришкен.
Атамбаев коңшу мамлекетке акыркы жолу 2016-жылы декабрда барып, Шавкат Мирзиёев менен жолуккандан кийин Ислам Каримовдун бейитине барып куран түшүргөн.