Атамбаев: премьер-министр же ЖКга төрага болуу ниетим жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өлкө башчысы президенттин мөөнөтү аяктагандан кийин саясатта каларын айткан.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин кандайдыр бир саясий кызматтарга келбей турганын журналисттерге бүгүн билдирди.

Поздравление представителей СМИ президентом Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КСДП ой келди адамды президенттикке сунуштабайт
Ал ошондой эле коомдук пикирди иликтеп келген Гэллап институтунун акыркы сурамжылоосу боюнча аны калктын 77-78 пайызы колдой турганын аныкталганын маалымдады.

Президент сүйлөп жатып "эгер саясат менен алектенбесең, ал сени менен алектенет" деген сөздү мисал келтирди. Андан сырткары президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин премьер-министр же Жогорку Кеңешке төрага болуу ою жок экенин кошумчалады.

"Мен партиянын иштери менен алектенем. Буга көп күч короттум. Андыктан партиянын тазаланып, жаңыланышын каалайм. Ал үчүн менин кандайдыр бир кызматта отурушум кажет эмес", — деди Атамбаев.

Буга чейин өлкө башчысы президенттин мөөнөтү аяктагандан кийин саясатта каларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0