Россиянын ички иштер министри Бишкекке келди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин архивдик сүрөтү
Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Ички иштер министрлигинин делегациясынын келиши Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарына байланыштуу уюштурулган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцев бүгүн түнү Бишкекке келгендигин ИИМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, россиялык делегацияны Ички иштер министри Улан Исраилов тосуп алган.

"Россиянын Ички иштер министрлигинин делегациясынын келиши Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарына байланыштуу уюштурулган", — деп айтылат маалыматта.

Эки тараптуу жолугушуу учурунда экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы туруу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланган.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташууну жана мамилелерди жогорку денгээлде жүргүзүү керек экендиги белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0