https://sputnik.kg/20170202/respublika-ata-zhurt-toragany-ketir-maselesin-kotordu-1031576095.html
"Республика — Ата-Журт" фракциясы төраганы кетирүүнү сунуштады
"Республика — Ата-Журт" фракциясы төраганы кетирүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
Билдирмеге караганда, "Республика — Ата-Журт" фракциясы мындай чечимди кезексиз жыйын учурунда кабыл алган. Ага "Жогорку Кеңештин регламенти" жөнүндөгү... 02.02.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-02-02T17:48+0600
2017-02-02T17:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102476/28/1024762894_0:242:4800:2957_1920x0_80_0_0_2a47c193169d9b2ea6c53ed428aa9b67.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102476/28/1024762894_0:91:4800:3108_1920x0_80_0_0_3301c33c1feb5cd19abe51346c254ae9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, чыныбай турсунбеков, жогорку кеңеш, республика ата-журт сп
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, чыныбай турсунбеков, жогорку кеңеш, республика ата-журт сп
"Республика — Ата-Журт" фракциясы төраганы кетирүүнү сунуштады
17:48 02.02.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Билдирмеге караганда, "Республика — Ата-Журт" фракциясы мындай чечимди кезексиз жыйын учурунда кабыл алган. Ага "Жогорку Кеңештин регламенти" жөнүндөгү мыйзамдын бир катар пункттарынын бузулушу себеп болгон.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековду төрагалыктан кетирүү маселесин көтөрүп чыкты. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Республика — Ата-Журт" фракциясы мындай чечимди кезексиз жыйын учурунда кабыл алган. Ага "Жогорку Кеңештин регламенти" жөнүндөгү мыйзамдын бир катар пункттарынын бузулушу себеп болгон.
Регламент боюнча Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында фракцияларга сүйлөө үчүн 10 мүнөткө чейин убакыт берилет. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ага 10 мүнөт бөлүүнү суранган. Бирок төрага өзү билип эле фракция лидеринин сүйлөөсү үчүн 5 мүнөткө чейин убакыт берүүнү добушка койгон. Ошондой эле спикер айрым депутаттардын сунуштарын добушка коюудан баш тартып, эл өкүлдөрүнүн айткандарына туура келбеген түшүндүрмөлөрдү берген.
Фракциянын мындай чечими Жогорку Кеңештин төрагасына, Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилген.