БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурунку прокурору Нурлан Сулайманкулов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуучу атайын прокурор болуп дайындалганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Сулайманкулов аталган кызматка 19-август күндөн баштап киришти.
Белгилей кетсек, Facebook социалдык тармагында колду аркага алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган сүрөт кызуу талкууга жем таштаган. Интернет колдонуучулары ал Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов болушу мүмкүндүгүн жазышкан.