Жогорку Кеңеш Галина Скрипкинага белек берип салтанаттуу узатты

Жазылуу
Галина Скрипкина үч чакырылышта депутат болуп келген.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш салтанаттуу түрдө Галина Скрипкинаны парламенттен узатты. 

Эске сала кетсек, Ал ЕАЭБке сот болуп дайындалгандыктан мандатын тапшырган. 

"Галина Анатольевна үч чакырылыштын депутаты болуп өлкө үчүн көп жумуштарды аткарды. Сиздин кабыл алган мыйзамдарыңыз өлкөгө көп пайда алып келет деген үмүттөбүз. Мындан аркы ишиңизге ийгилик каалайбыз", — деди Турсунбеков. 

Өз кезегинде Скрипкина депутаттарга ыраазычылык билидирип, ЖКдагы кесиптештерине ийгилик каалады. 

"Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Көп жылдан бери чогуу маанилүү жумуштарды жасай алдык. Депутаттык мандатымды тапшырганым менен жооптуу милдет жүктөлүп жатканын сезип турам. Буюрса ишеничиңиздерди актайм", — деди Скрипкина. 

Спикер Турсунбеков парламенттин атынан чакан белек тапшырып, экс-депутатты салтанат менен узатты.

Кеткен депутаттардын ордуна кимдер келгенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0