БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Сауд Аравия жана Египеттеги элчиси Абдилатиф Жумабаев Түштүк Африка Республикасындагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Жумабаев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн кызыкчылыгын Түштүк Африкада коргогон өкүл болуп калмакчы. Ал эми резиденция Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда жайгашат.