Кворумдун жоктугунан Кемин шаарынын мэри шайланбай калды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКресло. Архив
Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кворум үчүн 14 депутаттын болуусу керек. Шайлоо учурунда 12 гана депутат каттоодон өткөн. Шаардык кеңеште 21 депутат бар.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кемин шаарынын мэри шайланбай калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кемин райондук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Жумагүл Абрахманова билдирди. 

Мэрди шайлоо үстүбүздөгү жылдын 12-майына белгиленип, бир гана талапкер — учурдагы мэр Соолайбек Досов көрсөтүлгөн. 

"Шаардык кеңеште 21 депутат бар. Мэрди шайлоо процессине 12 гана депутат келип, кворум болгон жок. Мыйзам боюнча 14 депутат чогулуусу зарыл. Кайрадан жаңы шайлоо болот", — деди Абдрахманова. 

Бүгүн, 13-майда Каракол шаарынын мэри шайланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0