БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кемин шаарынын мэри шайланбай калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кемин райондук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Жумагүл Абрахманова билдирди.
Мэрди шайлоо үстүбүздөгү жылдын 12-майына белгиленип, бир гана талапкер — учурдагы мэр Соолайбек Досов көрсөтүлгөн.
"Шаардык кеңеште 21 депутат бар. Мэрди шайлоо процессине 12 гана депутат келип, кворум болгон жок. Мыйзам боюнча 14 депутат чогулуусу зарыл. Кайрадан жаңы шайлоо болот", — деди Абдрахманова.
Бүгүн, 13-майда Каракол шаарынын мэри шайланат.