Турсунбеков: коалиция ЖКга Исаев менен Төрөбаевдин талапкерлигин алып чыгууга ыктап калды

© Sputnik / Табылды Кадырбековфракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив
фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселе өткөн жумада эле каралмак. Бирок добуш берүүгө болгону 59 депутат келип, кворум болбой, спикерди шайлоо кийинки аптага жылган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Көпчүлүк коалициясы төрагалыкка аттанып жаткан эки талапкерди тең парламенттин кароосуна алып чыгууга ыктап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. 

Эске сала кетсек, төрагалыкка "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевди, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевди сунуштаган.

"Көпчүлүк коалицияга кирген фракция лидерлери маселени кечээ карап, шайлоого чейин өз ара сүйлөшүп алгыла дедик. Экөөсү тең бактыбызды сынап көрөлү деп жатат. Коалиция экөөнү тең парламенттин кароосуна алып чыга турган болуп калды окшойт. Буюрса, шайлоо эртең болот. Кимиси 61 добуш алса, ошол спикер болуп шайланат", — дейт Турсунбаев. 

Эл өкүлү КСДП фракциясынын учурдагы позициясын ачыктаган эмес. "Ата Мекен" фракциясы төрагалыкка көрсөтүлүп жаткан эки талапкерди тең сунуштоо чечимине келген. 

Жогорку Кеңештеги депутаттын кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикер болушу ыктымал делген Төрөбаев менен Исаев канча мыйзам жазган?
Эл өкүлү Исхак Масалиев буга чейин көпчүлүк коалициясы эки талапкерди тең парламенттин кароосуна алып чыгарын болжогон. Аталган маселе бүгүн парламенттин комитетинде каралат. 

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилген. Ал ортодо "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров спикерди шайлоону кийинки аптага жылдыруу керектигин беш ирет айтып чыккан. Жыйынтыгында добуш берүүгө болгону 59 депутат келип, кворум болбой, спикерди шайлоо кийинки аптага жылган. Ал ортодо эки талапкер ортосунда кресло талаш кызуу жүрүп жатканы айтылууда. 

Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министрликке көрсөтүлгөндүктөн спикерликтен өз эрки менен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0