БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.
Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциясына байланышкан ызы-чууга Уезбаевдин тиешеси бар экенин мурунку министр Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирген. Ага ылайык, экс-министр орун басарын мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин айланасындагылар менен бир компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптаган. Мында Уезбаевге Малабаев жокто тийиштүү келишимдерге кол койгон деген кине коюлган.