Премьер кыргыз-өзбек чек арасында Аксы, Ала-Буканын эли менен жолугууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунда бир күндүк иш-сапар менен жүрөт.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука районуна бир күндүк иш-сапар менен барды. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. 

"Учурда ал Аксы районунун жергиликтүү тургундар менен жолугуп, коомдук-саясий абал, коопсуздук жана чек ара маселелерин сүйлөшүп жатат. Бир аздан кийин Ала-Букага барат",— деди Асанов. 

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксы: бир билекке биригип, бийлик, оппозиция, молдолор чек ара маселесин түшүндүрүүдө
2016-жылдын 18-мартында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. 

Белгилей кетсек, 21-мартта кечинде Өзбекстан менен болгон чек арага "Скорпион" отряды чыгып кеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0