Атамбаев: КР менен Ирандын ортосунда аба каттамын ачууну тездетели деп жатабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев жана Иран мамлекетинин президенти Хасан Роухани
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев жана Иран мамлекетинин президенти Хасан Роухани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий жолугушуу аземинен кийин президенттер тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевди Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушуусунун расмий аземи Тегеран шаарындагы "Саадабад" ак сарайлар комплексинде өткөрүлдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Иранга келди
Атамбаевди Ирандын президенти Хасан Роухани тосуп алды. Мамлекет башчыларынын өз ара учурашуусунан кийин, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды.

Андан соң Атамбаев менен Хасан Роухани Ардактуу кароолдун ротасынын катарын кыдырып чыгышты.

Расмий жолугушуу аземинен кийин президенттер тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын Президенти Хасан Роухани эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун мындан аркы келечегин жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

"Биз Кыргызстан  менен Ирандын ортосундагы аба каттамын ачуу  маселесин карап чыгып, аны тездетүүнү пландап жатабыз", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кытай — Кыргызстан — Тажикстан — Афганистан — Иран темир жолунун долбоору  майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшүлгөндүгүн кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Атамбаев Иран тарапты Кыргызстандагы ири гидроэлектростанциялар долбоорун иштетүүгө чакырганын билдирди.


Жаңылыктар түрмөгү
0