АКШ сенаты Кыргызстандагы элчисине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин колдоду

© AFP / LAURIE DIEFFEMBACQАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылдын февраль айынын соңунда Россияга каршы санкциялар башталганда ал АКШнын Россиядагы убактылуу элчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын сенаты АКШнын Кыргызстандагы элчисине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин колдогонун Мамлекеттик департамент Twitterдеги расмий баракчасына жарыялады.

Буга чейинки элчи Памела Спратлендин дипломатиялык миссиясы 2014-жылдын соңунда аяктап,  ал АКШнын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган. Февралда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчигине Ричард Майлзды жиберген.

АКШ президенти Барак Обама Гуолтнинин талапкерлигин кароону сенатка 2014-жылдын августунда эле жөнөткөн.

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп Ричард М.Майлз дайындалды
Февралда Шейла Гуолтниге карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги агреман берүүдөн баш тартканы боюнча маалымат ЖМКларга чыккан. Бирок министрлик бул маалыматты ошол эле күнү төгүндөгөн.

Шейла Гуолтни 1999-2001-жылдары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жооптуу кызматтарды ээлеген. үч континенттеги беш мамлекетте 25-жылдан ашык иштеген.

Ошондой эле Россияда алты жыл иштеп, АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулу болгон. Кийин Москвадагы элчинин жардамчысы милдетин аркалаган. 2014-жылдын февраль айынын соңунда Россияга каршы санкциялар башталганда, ал АКШнын Россиядагы убактылуу элчиси болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0