19:10 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Депутат Жогорку Кенеш от партии Ата-Журт Джолдошева Жылдызкан Айтибаевна - фракция «Ата-Журт»

Жолдошова аны фракция лидерлигинен мыйзамсыз алып салышты деп эсептейт

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
7310

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова аны фракция лидерлигинен алуу чечимине макул эместигин, эгерде отставка процедурасы мыйзамдуу өтпөсө кызматын таштабай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Мени "Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен алуу чечимине макул эмесмин ", — деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине Жылдызкан Жолдошова. 

Парламент депутаттары шаршемби күнкү жыйында "Ата-Журт" депутататы Кантемир Мурзабеков Жылдызкан Жолдошованы фракция лидерлигинен алуу туурасында айтты. Жаңы лидерди шайлоого чейин анын милдетин Дастан Жумабеков аткарып турмакчы. 

Жолдошованын айтымында, аны фракция лидерлигинен алуу боюнча коллегаларынын чечимине макул эмес, отставка процедурасы мыйзамдуу өткөн жок. 

"Бул суроо кворум болсо, фракциянын күн тартибине алынып чыгылышы керек эле. 28 депутаттын ичинен 19у отставка үчүн добуш бериши керек эле. А бул жерден демилгечи болгон Кантемир Мурзабеков процедураны сурамжылоо жолу менен жүргүздү, бул мыйзамсыз. Ага кошумча, сурамжылоо жолу менен добуш берген 19 депутаттын жетөөсү өздөрүнүн колун кайтарып алышты. Бул процедура бузулду дегенди билдирет", — деди ал.

Депутат эгерде кесиптештери фракция лидерин алмаштырабыз деп чечсе, ал фракция жетекчилигин өткөрүп берерин айтты. 

"Бул жерде саясат жүрүп жатат. Буга чейин ЖМКлар "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди реабилитациясы боюнча жазган. Кандай болгон күндө да мен эл үчүн иштеген депутат болуп кала берем", — деп кошумчалады ал.

Жолдошова 2014-жылдын апрелинде фракциянын мурдагы лидери Мыктыбек Абдылдаев өз каалоосу менен кеткенден кийин, анын ордуна шайланган.

Тема боюнча

Жолдошова: парламенттик шайлоодо бул партия утат, же утулат деп болжоого болбойт
Белгилер:
Ата-Журт фракциясы, Дастанбек Жумабеков, Кантемир Мурзабеков, Жылдызкан Жолдошова, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ