00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
12 мин
Максимальный репост
Как попасть на фестиваль инноваций ШОС и представить свой стартап
12:13
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Айыл чарбасында санариптештирүү саясаты кандай жүрүүдө — онлайн кызматтар, Агро-портал, IT-инфратүзүм
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Украинский конфликт: причины, организаторы и риски для Центральной Азии
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Алик Акималиев — оор тагдыр, өзгөчө мүнөз жана поэзиядагы жалгыз жол
17:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстан кёрлинг боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Тесты, мастер-классы и работодатели: зачем идти в КРСУ в эту субботу
20:07
24 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
20:31
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдошова: парламенттик шайлоодо бул партия утат, же утулат деп болжоого болбойт

© Sputnik / Андрей Бабушкин / Медиабанкка өтүүЖогорку Кенеш. Архивное фото
Жогорку Кенеш. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова күзүндө боло турчу парламенттик шайлоодо кайсы бир партия утат, же утулат деп болжоого болбой турганын айтты. Ошондой эле, жаңы саясый партиянын төрайымы болгон Аида Салянова саясатта өзүнүн билими менен тажрыйбасын колдонсо, аны колдой турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Бизде жаңы түзүлгөн партиялар абдан көп. Дагы деле саясый күчтөрдүн альянсы түзүлүп атат. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо абдан күчтүү ат салышуу болот. Ошондуктан азыр бул партия өтөт, бул партия өтпөйт деп эч ким так айта албайт", — деген пикирин "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Эл өкүлү шайлоолор лотерея сыяктуу экенин айтып, күтүлбөгөн жыйынтыктар болуп кетерин кошумчалады.

"2010-жылкы шайлоо деле "Ата-Журт" партиясы биринчи келет деп эч ким ойлогон эмес. Ошондуктан, шайлоонун жыйынтыгы көп кырдаалга байланыштуу болот. 2010-жылы апрель, июнь окуяларынан кийин түштүк тарап каргашалуу окуялардын аныгына жетет деп "Ата-Журт" партиясына ишенсе, түндүк тарап КСДП партиясына ишенген. Ошондуктан бул партия өтөт экен, тигил партия өтпөй калат экен деген божомолдорду мен айткым келбейт", — деди ал.

Жолдошова партиялардын ийгиликке жетүүсүнө партиялык тизме да чоң таасир бере турганын баса белгилейт. Анткени, саясый жактан көз карашы туура келген партиялар бириккен күндө деле, партиялык тизмени түзүүдө пикирлери келишпесе ажырап кете турганын айтты.

"Шайлоонун алдында кандай гана партиялар болбосун биригүү болушу мүмкүн. Алар саясый көз карашына, максаттарына жараша да биригиши ыктымал. Бирок, шайлоочуларга көрсөтүлө турган партиялык тизмени түзүүдө талаш-тартыш болсо, партиялардын көз карашы төп келсе да, аларды ажыратышы мүмкүн. Ошон үчүн бардык нерсе тизменин тегерегинде болот", — деп кошумчалады эл өкүлү.

Парламенттик шайлоонун тынч, таза жана акыйкат өтүшүнө кызыктар экенин билдирген Жолдошова, эгер Аида Салянованын партия ачып, саясатка аралашып, саясатта өзүнүн билимин тажрыйбасын колдонгусу келсе, аны кубаттай турганын белгиледи.

Экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн "Күчтүү Кыргызстан" саясый партиясынын лидерлигине шайланган. Аталган партия күзүндө боло турчу шайлоого даярдыктарды көрүп баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0