19:15 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой

Ниязов: Саляновага болушунча саясий колдоо жана эркиндик берилген

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын маалымат жыйыны (7)
19802

Салянова Башкы прокурор болуп турганда анын иштешине болушунча саясий колдоо жана эркиндик берилген деп билдирди президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Анын айтымында, Салянованын "жогорку кызматтагы аткаминер катары башкы прокурорду көп күнөөлөр, имиштер жана уу-дуу кептер ээрчийт" дегени туура. 

"Бир топ убакытка чейин анын чөйрөсүндөгү жакындарынын прокуратуранын ишине кийлигишүүсү туурасындагы маалыматтар анонимдүү болуп, имиш жана оозеки кептин деңгээлинде айтылып келди. Андыктан, Алмазбек Шаршеновичтин бул маалыматка карата мамилеси ошого жараша болду. Бирок, фактылар чыга баштаганда, мага белгилүү болгондой, Аида Жеңишбековнага жыйынтык чыгаруу сунуш кылынды. Албетте, президенттин "ушулардын баарынан кийин, сизге кантип ишенем" деген сөзүнөн соң, отставкага кетүү боюнча арыз жазылды. Мен Алмазбек Шаршенович башкачараак кадамды күткөндүгүнө ишенем. Бирок, менин пикиримде, президент күтпөгөн бүтүм жасалды", — деп билдирди мамлекет башчысынын кеңешчиси.

Экс-баш прокурор Салянова бүгүн, 11-февралда берген маалымат жыйынында президент Алмаз Атамбаевге өкүтүн билдирип, кызматты өз эрки менен таштабагандыгын, ал эми президент аны коргой албагандыгын айткан.

"Менимче, жогорку кызматтагы жана аткаминерлер менен күрөш жүргүзүп жатканда мамлекет башчысы Башкы прокурордун абсолюттук коопсуздугунун кепили болушу керек эле. Бирок, президент мага каршы турган күчтөргө туруштук бере алган жок", — деп билдирген бүгүнкү жыйында Салянова.

Тема:
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын маалымат жыйыны (7)

Тема боюнча

Салянова: президент мени коргой алган жок, же аны каалаган жок
Салянова: башкы прокуратурага ата-мекенчи депуттардын мародерчулугу боюнча факты келип түшкөн эмес
Салянова: "Манас" орденин ал деп мени эч ким чакырган эмес
Салянова: өлүм алдындагы кат жазууга да мажбур болдум
Cалянова: быйылкы парламенттик шайлоого катышам
Белгилер:
Аида Салянова

ЭҢ МААНИЛҮҮ