Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү

Жазылуу
Кыргызстандын 2021-жылдагы биринчилиги — күрөш күйөрмандарынын эң күткөн беттеши  60 килограмм салмакта Калы Сулайманов менен Жоламан Шаршенбековдун кармашы менен жыйынтыкталды.

Кечээ, 18-февралда, Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Эки күнгө созулган мелдеште 10 салмак боюнча жалпысынан 239 балбан беттешти. Анын ичинен 45 спортчу 67 килограмм салмакта ат салышты.

Быйылкы чемпионат реванштар, сенсациялар менен коштолду.

Кыргызстандын 2021-жылдагы биринчилиги — күрөш күйөрмандарынын эң күткөн беттеши 60 килограмм салмактагы Калы Сулайманов менен Жоламан Шаршенбековдун кармашы менен жыйынтыкталды. Калы Сулайманов былтыр дал ушул Жоламанды жеңип чемпион болгон. Жоламан өз кезегинде Дүйнө кубогун уткан.

Финал чемпионата Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Зал жарылып кетейин деди! Жоламан Калыны утуп, өлкө чемпиону болгон видео
Мелдештин жыйынтыгы менен 55 килограммда Мухаммед Абдуллаев жаш экенине карабай сенсация жаратып, эл аралык даражадагы балбандарды утуп чемпион болду. 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 63 килограммда Урмат Аматов, 67 килограммда Марлен Асикеев, 72 килограммда Шухрат Сайтазимов, 77 килограммда Акжол Махмудов, 82 килограммда Калидин Асыкеев, 87 килограммда Атабек Азисбеков, 97 килограммда Үзүр Жузупбеков жана 130 килограммда Эрлан Манатбеков чемпион аталышты.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат. Алар Олимпиадага лицензия берилүүчү мелдештерге жана Азия оюндарына катышмакчы.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековБардык жекеме-жеке кармаш бири-бирин аңдуудан башталат
Бардык жекеме-жеке кармаш бири-бирин аңдуудан башталат - Sputnik Кыргызстан
1/10
Бардык жекеме-жеке кармаш бири-бирин аңдуудан башталат
© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнө кубогунун жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков атаандашын жерден жулкуп көтөрүп кетти
Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков атаандашын жерден жулкуп көтөрүп кетти - Sputnik Кыргызстан
2/10
Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков атаандашын жерден жулкуп көтөрүп кетти
© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшүнүн чебери атаандашын төрт упайлык ыкмага чапкан ирмем
Грек-рим күрөшүнүн чебери атаандашын төрт упайлык ыкмага чапкан ирмем - Sputnik Кыргызстан
3/10
Грек-рим күрөшүнүн чебери атаандашын төрт упайлык ыкмага чапкан ирмем
© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи бөлүктөн кийин тыныгууга чыккан спортчуну машыктыруучу эс алдырып, тактикалык көрсөтмөлөрдү айтып жатат
Биринчи бөлүктөн кийин тыныгууга чыккан спортчуну машыктыруучу эс алдырып, тактикалык көрсөтмөлөрдү айтып жатат - Sputnik Кыргызстан
4/10
Биринчи бөлүктөн кийин тыныгууга чыккан спортчуну машыктыруучу эс алдырып, тактикалык көрсөтмөлөрдү айтып жатат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков67 килограмм салмактагы балбан Амантур Исмаилов атаандашын тескерисинен алып чабуу ыкмасын жасаганы жаткан учуру
67 килограмм салмактагы балбан Амантур Исмаилов атаандашын тескерисинен алып чабуу ыкмасын жасаганы жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
5/10
67 килограмм салмактагы балбан Амантур Исмаилов атаандашын тескерисинен алып чабуу ыкмасын жасаганы жаткан учуру
© Sputnik / Табылды КадырбековАр бир упай үчүн аягына чейин кармаш жүрүп жаткан чак
Ар бир упай үчүн аягына чейин кармаш жүрүп жаткан чак - Sputnik Кыргызстан
6/10
Ар бир упай үчүн аягына чейин кармаш жүрүп жаткан чак
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл оозуна алынып калган балбан Акжол Махмудов (77 килограмм) чейрек финалдык таймашта партерден атаандашы Элбек Ураимовго каршы ыкма жасаганга даярданып жатат
Эл оозуна алынып калган балбан Акжол Махмудов (77 килограмм) чейрек финалдык таймашта партерден атаандашы Элбек Ураимовго каршы ыкма жасаганга даярданып жатат - Sputnik Кыргызстан
7/10
Эл оозуна алынып калган балбан Акжол Махмудов (77 килограмм) чейрек финалдык таймашта партерден атаандашы Элбек Ураимовго каршы ыкма жасаганга даярданып жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековБыйыл өткөн чемпионатта 67 килограмм салмакта 45 балбан катышып күч сынашты
Быйыл өткөн чемпионатта 67 килограмм салмакта 45 балбан катышып күч сынашты - Sputnik Кыргызстан
8/10
Быйыл өткөн чемпионатта 67 килограмм салмакта 45 балбан катышып күч сынашты
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдешке калыстык кылуу үчүн Казакстандан жана Өзбекстандан эл аралык даражадагы реферилер чакырылган
Мелдешке калыстык кылуу үчүн Казакстандан жана Өзбекстандан эл аралык даражадагы реферилер чакырылган - Sputnik Кыргызстан
9/10
Мелдешке калыстык кылуу үчүн Казакстандан жана Өзбекстандан эл аралык даражадагы реферилер чакырылган
© Sputnik / Табылды КадырбековАкылбек Талантбеков (77 килограмм салмак) атаандашы Ильгиз Билимовду көтөрүп чапканы жатат
Акылбек Талантбеков (77 килограмм салмак) атаандашы Ильгиз Билимовду көтөрүп чапканы жатат - Sputnik Кыргызстан
10/10
Акылбек Талантбеков (77 килограмм салмак) атаандашы Ильгиз Билимовду көтөрүп чапканы жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0