Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Жазылуу
Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында катталды. Окуянын жериндеги алгачкы кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянынан көрүңүздөр.

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылууда каза болгондордун саны 70тен ашты.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты

Ливандын премьер-министри Хассан Дияб эки жумага өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады, ал эми өлкөнүн Жогорку коргонуу кеңеши Бейрутту кырсык аймагы деп жарыялады. Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандарга жардам берүүгө жетишпей жатат. Өлкө бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жардам сурап кайрылды, бир катар мамлекеттер көмөк көрсөтүү ниетин билдирди. Бүгүн Ливанда каза болгондорго аза күтүү күнү.

2 750 тонна аммиак селитрасы алты жыл ичинде туура эмес сакталганы жарылуунун башкы себеби катары каралууда.

© Sputnik / Michael Alaeddin / Медиабанкка өтүүКатуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында болду
Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында болду - Sputnik Кыргызстан
1/14
Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында болду
© REUTERS / Mohamed AzakirЖарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган
Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган - Sputnik Кыргызстан
2/14
Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган
© AFP 2023 / Anwar AmroЖарылуудан төрт миңдей адам жаракат алды. Шаардын ооруканалары толуп кеткен.
Жарылуудан төрт миңдей адам жаракат алды. Шаардын ооруканалары толуп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/14
Жарылуудан төрт миңдей адам жаракат алды. Шаардын ооруканалары толуп кеткен.
© AFP 2023 / StringerЛивандын борборундагы порттогу жарылуу болгон жердеги талкаланган бункер.
Ливандын борборундагы порттогу жарылуу болгон жердеги талкаланган бункер. - Sputnik Кыргызстан
4/14
Ливандын борборундагы порттогу жарылуу болгон жердеги талкаланган бункер.
© Sputnik / Michael Alaeddin / Медиабанкка өтүүШаардагы имараттардын жарымы талкаланган. Көпчүлүк эл жарылуунун толкунундагы сыныктардан жаракат алышкан.
Шаардагы имараттардын жарымы талкаланган. Көпчүлүк эл жарылуунун толкунундагы сыныктардан жаракат алышкан. - Sputnik Кыргызстан
5/14
Шаардагы имараттардын жарымы талкаланган. Көпчүлүк эл жарылуунун толкунундагы сыныктардан жаракат алышкан.
© Sputnik / Michael Alaeddin / Медиабанкка өтүү2 750 тонна аммиак селитрасынын алты жыл ичинде туура эмес сакталганы жарылуунун башкы себеби катары каралууда
2 750 тонна аммиак селитрасынын алты жыл ичинде туура эмес сакталганы жарылуунун башкы себеби катары каралууда - Sputnik Кыргызстан
6/14
2 750 тонна аммиак селитрасынын алты жыл ичинде туура эмес сакталганы жарылуунун башкы себеби катары каралууда
© Sputnik / Michael Alaeddin / Медиабанкка өтүүСаламаттык сактоо системасы жаракат алгандарга жардам көрсөтүүгө чамасы жетпей жатат
Саламаттык сактоо системасы жаракат алгандарга жардам көрсөтүүгө чамасы жетпей жатат - Sputnik Кыргызстан
7/14
Саламаттык сактоо системасы жаракат алгандарга жардам көрсөтүүгө чамасы жетпей жатат
© REUTERS / Mohamed Azakir Өлкө бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жардам сурап кайрылды, бир катар мамлекеттер көмөк көрсөтүү ниетин билдирди
Өлкө бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жардам сурап кайрылды, бир катар мамлекеттер көмөк көрсөтүү ниетин билдирди - Sputnik Кыргызстан
8/14
Өлкө бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жардам сурап кайрылды, бир катар мамлекеттер көмөк көрсөтүү ниетин билдирди
© REUTERS / Mohamed AzakirИорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган
Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган - Sputnik Кыргызстан
9/14
Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган
© REUTERS / Issam AbdallahЛивандын премьер-министри окуянын себебин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады
Ливандын премьер-министри окуянын себебин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады - Sputnik Кыргызстан
10/14
Ливандын премьер-министри окуянын себебин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады
© REUTERS / Mohamed AzakirКомиссия 48 сааттын ичинде кырсыктын себебин жана жоопкер тараптарды аныктап чыгышы керек
Комиссия 48 сааттын ичинде кырсыктын себебин жана жоопкер тараптарды аныктап чыгышы керек - Sputnik Кыргызстан
11/14
Комиссия 48 сааттын ичинде кырсыктын себебин жана жоопкер тараптарды аныктап чыгышы керек
© REUTERS / Mohamed Azakir Бийлик борбор шаардын аймагында эки аптага өзгөчө абал киргизүүгө ниеттенип жатат
Бийлик борбор шаардын аймагында эки аптага өзгөчө абал киргизүүгө ниеттенип жатат - Sputnik Кыргызстан
12/14
Бийлик борбор шаардын аймагында эки аптага өзгөчө абал киргизүүгө ниеттенип жатат
© AFP 2023 / StringerЛивандын Жогорку коргонуу кеңеши Бейрутту кырсык аймагы деп жарыялады
Ливандын Жогорку коргонуу кеңеши Бейрутту кырсык аймагы деп жарыялады - Sputnik Кыргызстан
13/14
Ливандын Жогорку коргонуу кеңеши Бейрутту кырсык аймагы деп жарыялады
© AFP 2023 / Anwar AmroБүгүн Ливанда жарылуудан каза болгондорго аза күтүү күнү.
Бүгүн Ливанда жарылуудан каза болгондорго аза күтүү күнү. - Sputnik Кыргызстан
14/14
Бүгүн Ливанда жарылуудан каза болгондорго аза күтүү күнү.
Жаңылыктар түрмөгү
0