Чечинип келе жаткан Токаев, ынтаасын койгон Пашинян. ЖККУ саммитинен 17 ирмем

Жазылуу
Бүгүн дүйнө коомчулугунун көңүлү Бишкекке бурулуп турду. Анткени борбор калаада алты мамлекеттин башчылары кездешип, маанилүү саясий чечимдерди кабыл алды.

Саммит ОДКБ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларын тосуп алгандагы сүрөт
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы Бишкекте кандай өткөнүн көргүңүз келсе, Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнө назар салыңыз. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын лидерлери чогулду.

Уюмдун негизги максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.

© Sputnik / Табылды КадырбековПротокол боюнча биринчи болуп Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян келди. Ал сүрөтчүлөргө жылмайып, Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен бир нерсени кызуу талкуулап жатты.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/17
Протокол боюнча биринчи болуп Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян келди. Ал сүрөтчүлөргө жылмайып, Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен бир нерсени кызуу талкуулап жатты.
© Sputnik / Табылды КадырбековБелоруссия башчысы Александр Лукашенконун буга чейин Кыргызстандын президенти жөнүндө жылуу пикирин айтканы бар. Жарым жыл мурда КР элчиси менен жолукканда Жээнбековду "өтө дурус адам" деп атаган.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/17
Белоруссия башчысы Александр Лукашенконун буга чейин Кыргызстандын президенти жөнүндө жылуу пикирин айтканы бар. Жарым жыл мурда КР элчиси менен жолукканда Жээнбековду "өтө дурус адам" деп атаган.
© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Андан сырткары, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишкен.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/17
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Андан сырткары, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик резиденцияга жаңы гана келген Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп жатат.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/17
Мамлекеттик резиденцияга жаңы гана келген Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинди жылуу тосуп алды
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/17
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинди жылуу тосуп алды
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия 2005-жылдан тарта ЖККУ өлкөлөрү үчүн өзүнүн окуу жайларында аскерлерди окутуп, тарбиялап берип келе жатат. Жыл сайын ал жерде миңдеген адистер билим алат, алардын ичинде Өзбекстандан да бар.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/17
Россия 2005-жылдан тарта ЖККУ өлкөлөрү үчүн өзүнүн окуу жайларында аскерлерди окутуп, тарбиялап берип келе жатат. Жыл сайын ал жерде миңдеген адистер билим алат, алардын ичинде Өзбекстандан да бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан президенти ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алып жатат
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/17
Кыргызстан президенти ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алып жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков сүрөткө түшүү учурунда
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/17
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков сүрөткө түшүү учурунда
© Sputnik / Табылды КадырбековЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/17
ЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо
© Sputnik / Табылды КадырбековСаммиттин жүрүшүн алты өлкөдөн 265 журналист чагылдырды
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/17
Саммиттин жүрүшүн алты өлкөдөн 265 журналист чагылдырды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчылары тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/17
Мамлекет башчылары тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразиядагы коопсуздукту камсыздоодо Россия жана анын лидери Владимир Путиндин эмгегин баалады
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/17
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразиядагы коопсуздукту камсыздоодо Россия жана анын лидери Владимир Путиндин эмгегин баалады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКечээ Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Лидерлер соодадагы тоскоолдуктардан арылууну макулдашышкан.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/17
Кечээ Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Лидерлер соодадагы тоскоолдуктардан арылууну макулдашышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссия лидери Владимир Путин ЖККУ бөлүмдөрүнө БУУнун колдоосунун алдында тынчтык орнотуучу аракеттерге катышууга мүмкүнчүлүк берген нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну сунуштады.
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/17
Россия лидери Владимир Путин ЖККУ бөлүмдөрүнө БУУнун колдоосунун алдында тынчтык орнотуучу аракеттерге катышууга мүмкүнчүлүк берген нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну сунуштады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСүйлөшүүлөрдө афган-тажик чек арасындагы маселе да орчундуу болду
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/17
Сүйлөшүүлөрдө афган-тажик чек арасындагы маселе да орчундуу болду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖолугушуунун жүрүшүндө президенттер уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары менен заманбап чакырык, коркунучтарга каршы чаралар тууралуу дагы талкуулашты
Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16/17
Жолугушуунун жүрүшүндө президенттер уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары менен заманбап чакырык, коркунучтарга каршы чаралар тууралуу дагы талкуулашты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСессиянын жыйынтыгы менен 15 документке кол коюлду. Алардын арасында афган-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү жана БУУнун террорчулукка каршы стратегиясын аткаруу долбоорлору бар.
Саммит ОДКБ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
17/17
Сессиянын жыйынтыгы менен 15 документке кол коюлду. Алардын арасында афган-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү жана БУУнун террорчулукка каршы стратегиясын аткаруу долбоорлору бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0