01:46 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Сүрөт

Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант

Кыскача шилтеме алуу
16008 0 0
  • Таттыбүбү Турсунбаеванын 16 жаштагы кези, жанында аккордеондо ойногон 20 жаштагы агасы Нуркан Турсунбаев. Бир туугандар Опера жана балет театрынын сахнасында республикалык сынакка катышып, анда актриса кытайлык кыргыздардын Гүлкайыр деген ырын аткарган.
  • Колуна бычак кармап, тике караган сулуу... Актриса Ак боз ат спектаклинде калмак кызынын ролун жараткан
  • Өмүрлүк жолдошу Имаш Эшимбеков менен. Жубайлар Саманчынын жолу киносуна тартылып, Толгонай менен Субанкулдун жаш кезин аткарышкан.
  • Тарыхый инсан Акмөөрдүн атын да, сулуулугун да даңазалаган Таттыбүбү Турсунбаева экендиги маалым. Актриса Мелис Убукеевдин Акмөөр тасмасында.
  • Режиссер Жали Сооданбектин Процесс көркөм тасмасынан ирмем. Турсунбаева менен бирге роль жараткан Советбек Жумадылов.
  • Эхх, сулуу... Чырайы менен өнөрү төп келишкен актриса Кызыл алма тасмасына тартылуу учурунда
  • Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бул сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде Уркуя фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган.
  • Таттыбүбү Турсунбаева Отко таазим тасмасында тарыхый инсан Уркуя Салиеванын ролун ойноп, ого бетер атагы чыккан. Тасманы Төлөмүш Океев тартса, сценарийин Насирдин Байтемиров жазган.
  • Турсунбаева Лопе де Веганын Бий мугалими спектаклинде Фелисьянанын ролунда, жанында актриса Гүлсара Ажыбекова.
  • Актрисанын ат минип түшкөн сүрөтү 1974-жылы тартылган. Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев Кызыл алма тасмасын тартып, Турсунбаева Бейтааныш сулуунун образын жаратканы белгилүү.
  • Уркуя тасмасына тартылуу учурунда. Актриса жетелеп турган бала өзүнүн уулу Канат. Сол жагында режиссер Төлөмүш Океев.
  • Болот Шамшиевдин Сүйүү жаңырыгы тасмасынан ирмем. Актрисанын бала кездеги сүрөттөрү ал каза болгондо ар ким сурап кетип жатып, ошол боюнча жоголгон.
  • Козу кучактаган келин. Чыңгыз Айтматовдун Атадан калган туяк тасмасында Жээнгүлдүн ролунда.
  • Бир көргөн киши чыныгы жашоодогу эне-баланын кучакташуусу деп ойлошу ыктымал. Сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева кичинекей актриса Анара Макетаева менен.
  • Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болсо, быйыл 75 жашка толмок. Ал аз өмүрүндө кино жана театрда көрүнүктүү ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айлана алган.
  • Актриса убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, кинематографисттер союзунун мүчөсү болуп турган. Сүрөт Мелис Убукеевдин Бир сүйүүнүн баяны (Хроника одной любви) тасмасынан.
  • Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эми бул сүрөт Төлөмүш Океевдин Кызыл алма тасмасы учурунда тартылган.
  • Таттыбүбү Турсунбаева жолдошу Имаш Эшимбеков жана кичинекей кызы Асел менен
  • Төлөмүш Океев Таттыбүбү Турсунбаевага кандай ойноо керектигин түшүндүрүп жатат. Кызыл алма тасмасынан ирмем.
© Фото / из личного архива Нуркана Турсунбаева
Таттыбүбү Турсунбаеванын 16 жаштагы кези, жанында аккордеондо ойногон 20 жаштагы агасы Нуркан Турсунбаев. Бир туугандар Опера жана балет театрынын сахнасында республикалык сынакка катышып, анда актриса кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын аткарган.

Улуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын быйыл 75 жылдыгы белгиленет. Ал аз өмүрүндө бир топ тасма жана спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызына айланган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Таттыбүбү Турсунбаеванын архивдик сүрөттөрүн топтоду. Сүрөттөр актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев жана фотограф Александр Федоров тарабынан берилди.

Турсунбаевдин айтымында, карындашынын бир топ сүрөттөрү ал каза болгондон кийин жоголуп кеткен.

"Таттыбүбү көз жумганда балдары жаш эле, анан сураган кишиге эле сүрөттөрүн бере беришкен. Кийин биз жарыя кылып, кайрадан элден сүрөттөрүн чогултуп алганга аракет кылдык", — деди Турсунбаев.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июнда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. 16 жашында алгачкы жолу "Салиманын ыры" кыска метраждуу тасмасына тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театралдык институттун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, үч жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Театрда Шекспир, Лопе де Вега, Лорка, Ч.Айтматов, Карим жана Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун образдарды алып чыккан. Кино жаатында "Акмөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" тасмаларында роль жаратып, атагы чыккан.

Турсунбаева убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Жолдошу жана кесиптеши Имаш Эшимбеков менен бир кыздуу жана уулдуу болушкан. 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында каза тапкан.

Тема боюнча

Таттыбүбү Турсунбаева бүгүн 73 жашка чыкмак! Улуу актриса тууралуу 10 факты
Келбеттүү, сөөлөттүү, сүрдүү. Залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттөрү
Белгилер:
Сүрөт, сулуулук, театр, кино, актриса, Таттыбүбү Турсунбаева

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ