01:45 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Сүрөт

Путин башка президенттерден эмне белек алган. Сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
467420
  • 24-март, 2013. Россиянын президенти Владимир Путин Баффи жана Юмэ аттуу иттери менен сейилдеп жүргөн учуру. Москва облусу. Баффи – болгар овчаркасы болсо, Юмэ — акито-ину тукумундагы ит.
  • 28-март, 2019. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мингизген Орлов тукумундагы аргымакка жем берүүдө. Бишкек
  • Россиянын президенти Владимир Путин Юмэ ити менен Кремлде Ниппон телекомпаниясы менен Иомиури басылмасына маек берүүнүн алдында. Интервью Японияга жасалуучу расмий сапардын алдында жасалган
  • Россиянын премьер-министри Владимир Путин туулган күнүнө белекке алган жолборстун күчүгүн журналисттерге көрсөтүп жатат. 2,5 жарым айлык бул жаныбар Ново-Огарево резиденциясындагы зоопаркка өткөрүп берилген
  • 9-декабрь, 2010. Россия өкмөтүнүн жетекчиси Владимир Путин Подмосковьедеги резиденциясында Баффи аттуу ити менен
  • 28-март, 2019-жыл. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков белек кылган тайгандын 6 айлык күчүгү — Шерхан менен
  • 11-октябрь, 2017. Россия лидери Владимир Путин менен Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу учурунда. Түркмөн башчысы россиялык кесиптеши Путиндин туулган күнүнө алабайдын күчүгүн белек кылган.
  • 17-январь, 2019-жыл. Россиянын президенти Владимир Путин Сербиянын башчысы Александр Вучич тартуулаган шарпланин овчаркасынын күчүгү менен
  • Россиянын президенти ага тартууланган Вадик аттуу пони менен. Казань шаары. Италиянын премьер-министри Сильвио Берлусконинин резиденцияларынын биринде.
  • 17-октябрь, 2008-жыл. Россиянын лидери Владимир Путин. Биринчи планда — каргысы ГЛОНАСС навигациялык системасы менен жабдылган лабрадор Кони. Итке каргыны РФтин вице-премьери Сергей Иванов белек кылган.
© Sputnik / Alexei Druzhinin
24-март, 2013. Россиянын президенти Владимир Путин Баффи жана Юмэ аттуу иттери менен сейилдеп жүргөн учуру. Москва облусу. Баффи – болгар овчаркасы болсо, Юмэ — акито-ину тукумундагы ит.

Россиянын лидери Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууларды өткөрдү.

Мамлекеттик сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков башында турган үлкөндөр коштогон топ "Ала-Арчадан" Путинге Дон тукумундагы аргымак жана алты айлык тайган тартуулады. Sputnik Кыргызстан агенттиги Путинге башка президенттер кандай белектерди тартуулаганын тизмектеди.

Тема боюнча

Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
Путиндин мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган документтер. Тизме
Белгилер:
ит, тайган, ат, белек, Сильвио Берлускони, Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин, Россия

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ