Антитеррордук машыгуулардын биринчи бөлүгү 4-6-сентябрь күндөрү КМШнын жети мамлекетинин аймагында өткөн. Экинчи жана үчүнчү этаптары Ысык-Көлдүн жээгинде ишке ашты.
Бул машыгуулар Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Биринчиси 2001-жылы Ошто, 2013-жылы Бишкекте болгон.

Машыгуудагы уламыш боюнча Кыргызстанга террористтер кирип келет. Алар менен күрөшүүгө союз мамлекеттери жардам берет. Чабуулчу учактар террорчулар барымтага алган самолетту акыры кондурушту

Террорчуларга акча салынган рюкзакты берип, жакын жерде аларды автобус күтүп турарын айтышты. Ошондо гана алар балдар менен аялдарды бошотушту

Үч кишини кармап алган боевиктер автобуска отуруп жатканда алдыда аларды эмне күтүп турганын сезишкен эмес

Автобустун түбүнө алдын ала алыстан башкарылчу жарылуучу затты коюшкан. Аны керектүү учурда ишке киргизип, каччу жолдорду спецназ тосуп турду

Спецназ автобустун ичине чагылгандай тездикте кирип барды

Боевиктер колго түшүп, туткундагылар бошотулду

Ал ортодо террорчуларга жардамга келишти. Бирок алар тилегине жете электе унаасы жардырылып, жок кылынды

Операция аягына чыгып, саперлор учакты текшеришти

Машыгуунун акыркы бөлүгү Балыкчы шаарына жакын жайгашкан "Эдельвейс" полигонунда өттү

Уламыш боюнча террористтер Кыргызстандын чек арасын бузуп өтүп, тоолорго жайгашып алат. КМШ өлкөлөрү бириккен ыкчам штаб түзүп, аларды жок кылуу планын иштеп чыгат

Россиянын Борбордук аскер округунун жетекчилиги КРге авиациялык колдоо жиберет

Террористтер каршылык көрсөттү

Ми-35М деп аталган чабуулчу тик учактар абадан сокку урду

Аны менен катар жерден дагы чабуул жасалды

"Искандер-М" ракеталык комплекси 500 чакырым аралыктан бутага тиет

Ракетачылар боевиктер жайгашкан жерлерди аткылашты

Аба аскерлери аймакты акырына чейин тазалоо үчүн түшүрүлүп жатат

Операция ийгиликтүү аяктады. КМШ аскерлери чоң жоготууларга учураган жок

Машыгуунун аягында аскерлер медаль жана грамоталар менен сыйланды

Келерки машыгуулар Арменияда өтөт